Марокконун Марракеш шаарында дзюдо боюнча жаштар арасында Дүйнө чемпиондугу өтүп жатат. Анда Кубанычбек Айбек уулу 60 килограмм салмакта күч сынашты.
Айбек уулу 1/16 финалдан баштап күч сынашты. Ал казак, орус жана аргентиналык спортчуларды жеңип, жарым финалга чыккан. Анда азербайжандык спортчуга жеңилип калды. Коло байге үчүн беттеште япон спортчусу Кен Суемацуга жеңилип калды. Жыйынтыгында мелдеште 5-орунду алды.
Бул чемпиондукта Асад Масабиров 73 килограмм салмакта 1/16 финалда утулуп калды. Эртең, 18-октябрда татамиге 81 килограмм салмакта Адил Мырзаев чыгат.