АКШда жайгашкан дүйнөдөгү эң чоң абак жабылат

АКШда жайгашкан дүйнөдөгү эң чоң абак жабылат. Нью-Йорк бийлиги дүйнөдөгү эң чоң Райкерс абагын жабуу маалыматын тастыкташты. Бул тууралуу The New York Times басылмасы жазып чыкты.

Маалыматта жазылгандай, жаза аткаруу мекемеси 10 миң адамга ылайыкталган. Ал абак Ист-Ривер кысыгындагы аралдардын биринде жайгашкан. Планга ылайык, анын ордуна 4 абак курулат. Аларды Нью-Йорктогу Бруклин, Бронкс, Квинс жана Манхэттен райондорунда куруу пландалууда. Жаңы курула турчу абактардын көлөмү Райкерске салыштырмалуу кичирейет.

Абак көптөгөн тартип бузуулардын көбөйгөнү жана кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануунун кесепетинен жабылганы жатат.

Абакты жабуу иштери 2026-жылга карата бүтөрү күтүлүп жатат. Ал үчүн 8 миллиард 7 миллион доллар бөлүнмөкчү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Maks_shop
2019-10-18 20:28:47
Жарымын берсе карыздан кутулмакпыз
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан