Көп кызык коштолгон "Суперфутбол-2019" турнирин чагылдырган толук видео жарыяланды

Футбол боюнча Кыргыз курама командасын колдоо максатында "Супер Инфо" гезити, SUPER.KG порталы жана Футбол федерациясы спорттук иш-чара уюштурду. Анда журналисттерден, саясатчылардан, шоу-бизнес өкүлдөрүнөн жана көк бөрүчүлөрдөн турган төрт команда күч сынашты.

1. Адегенде чүчү кулактын негизинде "Журналисттер" менен "Саясатчылар" кез келип, эсеп 7:4 менен аяктады. "Саясатчылар" командасы өздөрүнүн жеңилип калганын "Журналисттер" командасында жаштар көбүрөөк деп түшүндүрүштү. Бул эки команданын оюнун көрүү үчүн https://www.super.kg/supertv/254967 ушул шилтемени басыңыз.

2. Экинчи оюнда көк майсаңга "Шоу-бизнес" командасы менен "Көк бөрү" командасы чыкты. Оюн чоң чыңалууда өтүп, 1:0 эсебинде "Көк бөрүчүлөр" "Шоу-бизнес" өкүлдөрүн утуп кетти. Тай казанды көздөй күлүктү чапкан улакчылар футболдо кандай десеңиз https://www.super.kg/supertv/254971 шилтемени басыңыз.

3. Эми болсо оюн талаасына 3-орун үчүн беттешүүгө "Шоу-бизнес" өкүлдөрү менен "Саясатчылар" чыкты. "Саясатчылар" бул ирет да жеңилүү ызасын тартышты. Эсеп 5:3. Оюнду https://www.super.kg/supertv/254977 ушул шилтемеден көрсөңүз болот.

4. Баш байге үчүн "Көк бөрүчүлөр" менен "Журналисттер" кызуу беттеш өткөрдү. Журналисттерде тактика жагынан жакшы даярдык бар экени көрүнүп турганы менен күч алдыга чыгып, профессионал спортчулар - "Көк бөрү" командасы жеңишти илип кетти. Жаңылыктар менен коомду камсыздаган өкүлдөр менен ат үстүндө каалагандай оюн көрсөткөн көк бөрүчүлөрдүн таймашы төмөнкү шилтемеде. https://www.super.kg/supertv/254999

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан