9 жыл бою кыяматты күтүп, жер төлөдө жашаган үй-бүлөнүн турак-жайынан чоң суммадагы акча табылды

Нидерландынын полициясы 2010-жылдан бери Дренте провинциясындагы ферманын жер төлөсүндө кыяматты күтүп, күн кечирип келген үй-бүлөнүн атасын кармашты. Анын үйүнөн чоң суммадагы акча табылды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыкты.

Маалыматта жазылгандай, ал 67 жаштагы Геррит-Ян ван Д. аттуу жаран болгон. Полиция кызматкерлери ал фермада жашаган адамдар өз ыктыярына каршы кармалган деп эсептешүүдө. Текшерүү иштеринин жүрүшүндө үйдөн чоң суммадагы акча каражаты табылган. Мындан соң полиция үй-бүлөнү бошотуп, 58 жаштагы ферманы ижарага алган Йозеф Б. аттуу жаранды кармашкан. Ал адам эркиндикти мыйзамсыз чектөө жана ден соолукка зыян келтирүү боюнча шектелип жатат. 17-октябрда сот анын баш коргоо чарасын 2 жумага узарткан. Үй-бүлөнүн атасы Геррит-Ян ван Д. жана Йозеф Б. христиандык сектада тургандыгы белгилүү болгон.

Мындан сырткары, жер төлөдө жашаган үй-бүлө мүчөлөрү коомдон алыс жана жашоого эч кандай шарты жок жерде жашашкан. Үйдүн улуу баласы барга барып, 9 жылдан бери кыяматты күтүп, жер төлөдө жашагандыгы тууралуу айтып берген. Ал эми бар ээси полиция кызматкерлерин чакырып, ал адамды кармап кетишкен. Ошондон кийин бул иштин бети ачылган деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Bekturbek
2019-10-19 00:37:54
Кээ бир (Исламга,Аллага) каршы болгондор,ушулардан эч бир айырмасы жок адамдар!!!
0
pero5184
2019-10-19 22:50:07
Тооб
0
Isikkolumkeremet
2019-10-20 10:43:37
Чатыр тигип албаптырда свеча коюп
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан