Нарында автокырсыктан 4 мектеп окуучусу каза болду

12-август күнү саат 12:00 чамасында Нарын-Баетов унаа жолунун 19-чакырымында жол кырсыгы болуп, 4 мектеп окуучусу каза тапты. Маалыматты Нарын ШИИБинин басма сөз кызматы билдирди. 16 жаштагы Т.У. үйүнөн Гольф-2 автоунаасын жашыруун айдап чыгып кырсыкка кабылды. Унаада бара жаткан Нарын шаарындагы А.Буйлаш уулу атындагы №8-орто мектептин 10-классынын 4 окуучусу кырсык болгон жерде каза болушту. Ал эми айдоочу жана 1 жүргүнчү шаардык ооруканага жеткирилген. Учурда окуяны иликтөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
mekenchil_jigit
2013-08-13 12:38:17
Жаткан жерлери жайлуу болушсун. Аллахым рахматына алсын
0
Aijan1968
2013-08-13 12:40:46
Жаткан жерлери жайлуу болсун!!!
0
Gamze90
2013-08-13 13:18:42
Эмбаш ата-энесин укпагандын кесепети да. Бирок ажалы дечи. Амал китебин он жагынан берсин.
0
Aikokul85
2013-08-13 13:52:29
Ии жаткан жери жайлуу болсун,жаш балдарго.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан