Жалал-Абадда диний экстремизмге каршы күрөшүүдө 5 турак жайга тинтүү жүргүзүлүп, экстремисттик материалдар жана курал жарактар алынды

Жалал-Абад облусунда диний экстремизмге каршы күрөшүүдө 5 турак жайга тинтүү жүргүзүлүп, экстремисттик материалдар жана курал жарактар алынды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынын жетекчиси Нурдин Жээнтаев билдирди.

Маалыматка ылайык, 8-октябрь күнү саат 07:00 чамасында Жалал-Абад шаарында жана Базар-Коргон районунун Арстанбап, Кеңеш айылдарындагы сотко чейинки өндүрүш иштеринин алкагында, шектүү делген 5 жарандын жашаган турак жайларына тинтүү жүргүзүлгөн. Тинтүү иши Ноокен райондук соту тарабынан турак жайларды тинтүү үчүн берилген уруксат токтомунун негизинде жана Жалал-Абад ОИИБинин жана Базар-Коргон РИИБинин экстремизмге, мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы тарабынан ишке ашкан.

"Тинтүү учурунда "Хизбут-Тахрир" диний экстремисттик агымына таандык болгон 8 даана китеп жана тыюу салынган диний көз караштагы жазмалары бар блокнот, ноутбук, андан тышкары 2 даана оңдолуп жасалып жаткан ок атуучу курал, 4 даана травматикалык ок атуучу куралдын бөлүктөрү, Samsung үлгүсүндөгү телефондор табылып алынды. Бардык шектүүлөрдүн "Одноклассник" социалдык тармактагы алардын баракчасынан экстремисттик маанидеги видеолорду таратып жаткандыгы аныкталган. Алынган далил буюмдар жана экстремисттик материалдарга тиешелүү экспертизалар дайындалды. Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда", - деп билдирет басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Aliha
2019-10-18 16:23:32
Ислам динин пайдалангандар аябай коп экен,айрыкча каракулжа районундагы мечитеги молдолор аман эле болгула,дем салдырганы барышса ыплас нерселерди кылат экен,алардын ыйманына билимине караса болушмак.
0
Rusi79
2019-10-18 19:16:04
Катуурак кармабаса Сирияга айланып калышыбыз алыс эмес.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан