Өзбекстандын Ташкент облусунда мугалим 8 жаштагы окуучу кызды желим бөтөлкө менен чаап жиберген. Бул тууралуу өзбек басылмалары жазышты.
Ага ылайык, мугалим анын сабагынан гимнди айтып бере албай койгон окуучу кызды клей куюлган желим бөтөлкө менен башка чапкан. Окуя тууралуу кыздын апасы социалдык тармактарга билдирген. Анда "Окуя быйылкы жылдын январь айында эле орун алган. Бирок азыр гана ачыкка чыгып отурат. 2-класста окуган Согдиана Өзбекстандын гимнин айта албай койгон. Буга кыжырданган мугалими ага желим бөтөлкө менен кол көтөргөн. Кийин кыздын апасы ооруканага кайрылганда, окуучунун баш мээси чайкалганы аныкталган", - деп айтылат маалыматта.
Мугалим кызын эки жолу башка чапканын айткан апасы: "Кызым кускусу келип, башы ооруп жатканын дайыма айтат" деп билдирген.
Маалым болгондой, жабырлануучу тарап укук коргоо органдарына кайрылган эмес. Алар маселени өз ара чечишип алган.