Каталониядагы курч абалдан улам 26-октябрда боло турган "Барселона" - "Реал" беттеши башка күнгө жылдырылды

Испания чемпиондугунун 10-турунун алкагында 26-октябрда боло турган Эл-Класико декабрь айына жылдырылды. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты билдирет.

"Барселона" - "Реал" беттеши учурда Каталониядагы абалдан улам башка күнгө жылдырылды. Жакынкы күндөрү Испаниянын Жогорку Соту 9 каталондук саясатчыга 2017-жылы референдум жана баш аламандыктарды уюштурган делинип, 9 жылдан 13 жылга чейин камакка алуу чечимин чыгарган. Мындан улам Барселона шаарында нааразычылык акциялар өтүүдө.

Учурда Ла лигада 8-турдан кийин сап башында "Реал" 1-орунда келе жатса, "Барселона" 2-орунда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Eden-Hazard
2019-10-18 16:24:50
Реал рулит
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан