Жалал-Абадда Сирияга барып согуштук аракеттерге катышкан жаран кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдирет.
Маалым болгондой, 18-октябрда Жалал-Абад ОИИБинин экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын жана УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөөнүн натыйжасында Жалал-Абад шаарынын тургуну 1994-жылы туулган А.Д. аттуу жаран 2014-жылы кыш айларында Түркия мамлекети аркылуу Сирия мамлекетиндеги болуп жаткан согуштук аракеттерге катышууга чыгып кеткендиги, учурда Кыргыз өлкөсүнө кайтып келип, Жалал-Абад шаарынын аймагында убактылуу жашынып жашап жүргөн жери аныкталып, изин жашырып жүргөн жеринен кармалган.
Буга чейин А.Д. Жалал-Абад ОИИБинин экстремизм жана терроризм багыты боюнча каттоодо турган.
Бул факты боюнча топтолгон материал УКМКга өткөрүлүп берилди.