Жер планетасына диаметри 1 чакырым болгон астероид жакындады

Жер планетасына көлөмү болжол менен 440 метрден 990 метрге чейин жеткен астероид жакындап келе жатат. Бул тууралуу АКШнын Космостук мейкиндикти изилдөө жана аэронавтика боюнча улуттук башкармалыгы (NASA) маалымат таратты.

“Окумуштуулар бул астероиддин кыймыл траекториясына көптөн бери байкоо жүргүзүп келет. Ага “162082” номурун беришип, ал саатына 40 миң чакырым ылдамдыкта учарын аныктаган. Астероид ушул жылдын 25-октябрында Жерге жакын аралыкта учат. Бирок бул космостук тело жер планетасына коркунуч жаратпайт. Ал Айга 16 жолу учуп-барып келгендей аралыктан өтөт. Анын бир аз көлөмдөгү учкунун Евразия континентинде жашагандар көрүшү мүмкүн”, - деп айтылат маалыматта.

Маалым болгондой, окумуштуулар астероиддерден коргонуунун бир нече жолун ойлоп табышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
iryi1
2019-10-19 12:38:39
Дуйнодо эн акылдуу эл Америкалыктар экен. Акыр заман болоорун америкалыктар, же кытайлар чечишет окшойт.
-7
Bars88
2019-10-19 14:03:42
Астероид же космосту эмес жерди эле изилдеп алгылачы окумуштулар.Канча табышмактуу жерлер бар
-2
KAYRATBEK
2019-10-19 15:18:53
Кудайдын кудуретинде чек жок деп ушуну айтат экенда. Окуп отуруп ой жугуртсон асмандын адамдын акылы жетпеген кенен экенине тан каласын киши.
+10
Nevestkaa
2019-10-19 21:35:31
Астрономияны уапшим түшүнбөйм .
-4
Dushabolna
2019-10-20 10:07:53
Ушундай нерселерди изиледеп Кудай бар экенине канча далил болсо да эч исламга келбединер да окумуштуулар(албетте баары эмес) Силерди канча тан калтырса да совершенно секретно кыласынар койосунар.
0
Tyty1990
2019-10-20 14:28:38
Арстан Алай деген уга көрбөсүн.
0
suban78
2019-10-20 20:39:13
Каерге тушоркен, жерге тушурбой бутун бойдон кармап калыш керек. Коп акчага сатса болот. Клиент бар. Байланышкыла мага
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан