Улуу Британиянын ханзаадасы Уильямдын жубайы Кейт Миддлтон Пакистанга барган сапарында кийген кийимдери менен мактоого арзыды. Аталган өлкөгө уюштурулган расмий сапар беш күнгө созулуп, ал бүгүн аягына чыкты. Бул тууралуу дүйнөлүк ЖМКлар жазып чыгышты.
Бул сапарга даярдык көрүүдө Кейт Миддлтон Пакистандын элинин каада-салтын эске алуу менен кийим тандаган. Тур учурунда түрдүү иш-чараларга, жолугушууларга кийген ар бир кийими мактоого арзып, келген өлкөгө карата көрсөткөн сый мамилеси үчүн ыраазычылык да билдиришүүдө.
Жалпы жонунан эле Кейт Миддлтондун ар бир образы көз жаздымда калбайт. Анын ар бир кийингени эл тарабынан жакшы кабыл алынып, "Англия розасы" деген лакап атка ээ болгон.
Кейт Миддлтон ханзаада Уильямга 2011-жылдын 29-апрелинде 29 жашында турмушка чыккан. Учурда экөө 3 баланы тарбиялап келишет.