"WhatsApp аркылуу сүйлөшүүгө айына 6 доллар салык киргизилет". Ливанда мындай салыкка каршы эл көтөрүлдү

"WhatsApp аркылуу сүйлөшүүгө айына 6 доллар салык киргизилет". Ливанда мындай салыкка каршы эл көтөрүлдү. Полиция кызматы менен митингчилердин кагылышуусунда 2 киши каза болгон жана 200дөй адам жабыркаган. Бул тууралуу дүйнөлүк ЖМКлар жазып чыгышты.

Ливандын ири шаарларында 18-октябрга караган түнү нааразычылык акциялары болуп өтүп, ага жүз миңдеген адамдар катышты. 17-октябрда аталган өлкөнүн өкмөтүндө 2020-жылга карата бюджеттин долбоору каралып, анда кирешени көбөйтүү үчүн салыкты жогорулатуу боюнча сунуштар айтылган. Ливандын байланыш министри Мухаммад Шкэйр WhatsApp аркылуу телефон сүйлөшүүлөргө айына 6 доллар, күнүнө 20 цент салык киргизүүнү жарыялаган. Мындай салыкты төлөтүү көзөмөлүн мобилдик операторлорго жүктөө керектиги сунушталган.

Ушунун артынан эле ири шаарларда эл чогула баштап, адегенде талкууга кабылган салыктын түрүн жоюуну талап кылышса, кийин экономикалык кризисти жоё албаган жана коррупцияга каршы күрөшүүгө жөндөмсүз президент менен премьер-министр отставкага кетсин, парламентке мөөнөтүнөн эрте шайлоо өтсүн деген талаптар кошулган. "Биз шайлаганбыз, кайра биз аларды бийликтен кетиребиз" дешүүдө нааразычылык акцияларына чыккандар. Мектептерде жана жогорку окуу жайларда кечээ, 18-октябрда сабактар өтүлгөн жок, көптөгөн дүкөндөр жана соода борборлору да иштеген эмес. Бүгүн, 19-октябрда да бул абал өзгөргөн жок.

Ливанда мобилдик байланыштын баасы ансыз да дүйнөдөгү эң жогорку баалардын катарында турат. Өлкөдө эки гана байланыш оператору бар жана ал экөө тең мамлекетке карайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
iryi1
2019-10-19 21:17:47
Бакиевти туурап жаткан окшойт
+5
Ysakov_Nur
2019-10-19 22:49:22
Биздин койлор укпасын бул жанылыкты...
+20
Jango
2019-10-19 22:56:20
Биз да даяр туралы
+10
urmat94
2019-10-19 23:39:58
Бизде андай кылалбайт кыла турган болсо ошо куну президент премьер министр депутаттар кетет ансыз деле эл зорго турат которуло албай
+12
KAYRATBEK
2019-10-19 23:43:55
Бул акыр аягы баары бир киргизилет. Себеби бул рынокто ото ото чон акча бар. Бирок Аллах сактасын. Элдин чонтогуно кол салуудан.
-5
J1irg
2019-10-20 05:35:34
Жараткан Тенирибиз тынчылык берсин.
-23
urmat94
2019-10-20 11:23:14
J1irg,тенир ким? тушунбойм ушуларга
+4
meni_kut
2019-10-20 13:21:17
urmat94,Зима не будет деген киши
+5
Azatbek.Svoboda.
2019-10-20 20:18:30
urmat94,Арстан Алай тенирлердин кудайы!
+2
bekhaliev
2019-10-20 13:26:31
J1irg,ал эмне ватсап компанияда иштейби
0
Azatbek.Svoboda.
2019-10-20 20:18:06
J1irg,Аны Арстан Алайына барып айт !
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан