Кыргыз Премьер-Лигасы: "Алай" командасына оюнчу жетишпей, дарбазачы коргоочу болуп талаага чыкты

19-октябрда Кыргыз Премьер-Лигасынын 25-турдук оюндары башталды. Анда Бишкекте "Академия-Лидер" "Алайды" кабыл алса, Кочкор-Ата шаарында "Нефтчи" "Илбирс" менен ойноду.

"Академия-Лидер" менен болгон оюнда "Алайдын" билдирмесинде болгону 14 оюнчу болгон. Мындан улам, оюн талаасына дарбазачы Дастан Алыбеков коргоочу болуп чыгууга мажбур болгон. Ошондой эле талаага машыктыруучу Бакыт Маматов да чыккан. Жакында эле Оштун клубу негизги деп саналган 5 оюнчусу менен келишимди токтоткон жана курамда жаракат алган футболчулар көп болууда.

Буга карабай "Алай" жеңишке жетишти. 1:0 менен утулуп жатканда оюндун соңунда Одил Абдурахманов эки жолу айырмаланып, жеңишти камсыздады.

Кочкор-Атада "Нефтчи" "Илбирсти" 3:1 эсебинде жеңип алды.

Бүгүн, 20-октябрда "Дордой" - "Алга" жана "Кара-Балта" - "Абдыш-Ата" оюндары менен 25-тур уланат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
AsiaBoy
2019-10-20 11:41:25
Ошондой боло береби негизи правилада барбы
-1
ilgizk
2019-10-20 11:45:04
AsiaBoy,ойной алса ойной берет да дарбазчы, болгону 17 инин сыртында топту колу менен кармабаса болду.
+1
bekhaliev
2019-10-20 13:24:26
Кыргызстанда болоберет
-5
Appasition
2019-10-20 13:28:18
Мени алгылада командага жакшыле ойнойм
-1
Dembele84
2019-10-20 15:27:11
Акчаны экономдоп жаткан го дейм,основной игрокторду жок кылып жатса и заявкада 14эле оюнчу болсо.Вратарь хоть даже нападающий болуп чыкса деле болот если заявкада болсо
+3
Amantur_akjol
2019-10-20 21:48:46
Ооба боло берет играющий тренер деп коёт
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан