Ооганстанда 18-октябрда Нангархар провинциясындагы мечиттердин биринде жардыруу болуп, каза болгондордун саны 60тан ашты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалым болгондой, мечиттердеги жардыруу жума намаз учурунда болгон. Жардыруудан мечиттин чатыры урап, 62 киши каза болгон. Дагы 30тан ашык адам ар түрдүү жаракаттарды алышкан.
Азырынча бул терракт боюнча эч бир уюм жоопкерчилик алган жок. Нангархар аймагында "Ислам мамлекети" жана "Талибан" уюмдарынын мүчөлөрү активдүү болуп келишет.