Кыргыз Премьер-Лигасы: "Дордой" "Алганы" 2:0 эсебинде жеңип, чемпион болууга жакындады

Бүгүн, Бишкекте Кыргыз Премьер-Лигасынын 25-турдук оюндарынын алкагында эки оюн өттү. Анда Бишкекте "Дордой" "Алганы" кабыл алса, Кара-Балта шаарында жергиликтүү команда "Абдыш-Ата" менен ойноду.

Бишкектеги оюнда Оразсахедов менен Мурзаевдин голдору менен "Дордой" 2:0 эсебинде жеңишке жетишти. Бул жеңиш менен "Дордой" чемпиондукта 57 упай топтой алды. Чемпиондук бүтөрүнө 3 оюн калганда Крестининдин командасы "Алайдан" 4 упай алдыда бара жатат.

"Кара-Балта" "Абдыш-Ата" менен 1:1 эсебинде тең чыкты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
assanov97
2019-10-20 19:40:43
Жакшы
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан