Кара-Балтада мыкаачылык менен өлтүрүлгөн эне-баланын окуясына 4 ай. Шектүүлөр кармала элек

Чүй облусунун Кара-Балта шаарында мыкаачылык менен өлтүрүлгөн эне-баланын өлүмүнө шектүүлөр кармала элек. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Чүй ОИИББинин криминалдык милиция кызматы издөө иш-аракеттерин күчөтүлгөн тартипте жүргүзүп жатат.

Окуянын-чоо жайы:

19-июнда саат 17:56 чамасында Жайыл РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө 30 жаштагы З.А. аттуу жарандан телефон чалуу болгон. Анда ал белгисиз бет кап кийген жарандар Кара-Балта шаарындагы үйлөрдүн биринен жигити менен анын апасын бычактап кеткенин айткан. Окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу барып, болжол менен 55 жана 30 чамасындагы эки адамдын жансыз денелерин табышкан.

Каза болгон эне-баланын кошунасы маркум "адамдык сапаты бийик, ишине тың, жоопкерчиликтүү болчу. Уулу акыркы жылдары Бишкекте жашап жүргөн. Өзү Кара-Балта шаарында жалгыз жашачу. Бири-бирибизге жардам берип, ал мага кеңешин айтып, абдан жакын болчубуз. Эжени кыйнап, баланы мууздап өлтүрүшүптүр", - деп айтып берген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан