Жалал-Абад. Дубалы камыштан болгон заманбап үйлөр курулууда
Талаадан алынып келинген кадимки камыш
Бул техниканын жардамы менен камыш пресстелет
Пресстелген камыш
Пресстелген камыш ушул фанерадан жасалган тактайга бекитилип, үстүнө да фанера катырылат
Пресстелген камыш ушул фанерадан жасалган тактайга бекитилип, үстүнө да фанера катырылат
Камыштан курулган үйдүн сырткы көрүнүшү кадимки эле үйлөрдөй. Сыртына зым чатылып, шыбак болот
Үйдүн ички көрүнүшү
Үйдүн ички көрүнүшү
Үйдүн ички көрүнүшү
Жалал-Абад шаарында дубалы камыштан болгон заманбап үйлөр курулууда. Аны ишке ашырып жаткан ишкер Бактыбек Сулайманов буларды айтат: "Талаадан орулуп келген кадимки камышты техниканын жардамы менен пресстеп, фанерадан жасалган атайын тактайдын ортосуна салабыз да, үстүнө да фанера коюп бекитебиз. Камыш ортодо калат. Пайдубалды куруу учурунда катырылып кеткен атайын темирлерге ичине камыш салынган фанералар бекитилет. Дубалдын калыңдыгы 13 сантиметр болот. Дубал бүткөндөн кийин үстүн кадимки заманбап стилдеги үйлөрдөй эле бүтүрсө болот". Дубалы камыштан курулган үй кышында жылуу, жайында салкын боло турганын айтат ишкер. 2 бөлмөлүү үйгө 520 миң сомдой каражат жумшалат.
Автор: Кенже Тынымбек кызыФото: Кенже Тынымбек кызы