Абу-Дабидеги көргөзмөдө эң байыркы берметти көрсөтүшөт. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.
Маалыматта жазылгандай, бул бермет музейдеги эң байыркы экспонаттардын бири болуп эсептелинет. Аны "Абу-Даби бермети" деп атап коюшат. Бул баалуу буюмдун диаметри 2 жарым милиметрди түзүп, кеңири чөйрөгө 30-октябрда көрсөтүлөт. Бермет көргөзмөгө 30-октябрдан 18-февралга чейин коюлмакчы. Аны археологдор Марава аралынан табышкан. Алардын жашы 5600-5800 жыл болушу мүмкүн. Бермет Лувр Абу-Даби музейинин коллекциясына кирет.
Лувр Абу-Даби көркөм сүрөт музейи 2017-жылы 8-ноябрда ачылган. Музейде ар түрдүү доордогу жана цивилизациядагы экспонаттар, сүрөттөр коюлган. Анын ичинен Леонардо да Винчи, Мане, Пикассонун жана башка инсандардын баалуу эмгектери дагы бар.