“Вымпелком” (“Билайн” соода маркасы) компаниясы "Bitel" кыргыз уюлдук операторунун айланасында чыккан пикир келишпестикти жөнгө салуу үчүн атаандашы "MTS Finance"компаниясына 25,5 миллион доллар компенсация төлөп берди. Эске салсак, "MTS Finance" 2005-жылы Nomihold ишканасынан 150 миллион долларга "Tarino Ltd." ишканасынын 51 пайыз акциясын сатып алып, "Tarino Ltdнын" калган 49 пайызын 170 миллион долларга 2006-жылдын аягына чейин сатып алуу опцион келишимин бекиткен. Бирок көп өтпөй Кыргызстандын соттору тарабынан берилген соттук актыларды колдонуу менен Bitelдин кеңсеси "Резервспецмет" компаниясы тарабынан басып алынып, "MTS Finance" өзүнүн активдерине болгон көзөмөлдөн ажырайт. 2006-жылы "Bitelдин" активдери “Скай Мобайл” уюлдук ишканасына өткөрүлгөн. Ал эми “Скай Мобайл” “Вымпелкомдун” (Билайн) көзөмөлүнө өткөн. Анын ири акционерлеринин бири Altimo. Көп жылдык соттук териштирүүнүн жыйынтыгында, "Altimo" жана "MTS Finance" ушул жылдын 25-июнунда тынчтык келишимин бекиткен. Муну менен "Altimo" "MTS Financeка" 150 миллион доллар төлөп берет. Бул акчанын 125 миллион доллары июнь айында төлөнгөн. “Вымпелком” “Скай Мобайл” менен бирге бул иш боюнча жоопкер болгондуктан, компенсациянын бир бөлүгүн төлөп берүүнү моюнга алган. 2013-жылдын июнь айында “Вымпелком” ишканасы 25 миллион долларды компенсация катары төлөп берүүгө макулдук берген. Компенсация төлөөнүн жыйынтыгы менен "MTS Finance" “Скай Мобайлды” бардык учурдагы жана потенциалдык милдеттерден бошотууга боло тургандыгын билдирет "Вымпелком".