Улуу Британияда эң чоң үй-бүлөнүн энеси 44 жаштагы Сью Рэдфорд 22-наристесин күтүүдө. Бул тууралуу ал өзүнүн YouTube каналы аркылуу билдирип, УЗИнин жыйынтыгын көрсөткөн.
Анын айтымында, учурда ал 15 жумалык кош бойлуу жана түйүлдүктөгү наристенин жынысын билүүнү чыдамсыздык менен күтүп жаткан учуру. Британиялык эне уулдуу болууну тилек кылууда. Эгер тилеги орундалып, эркек балалуу болсо 11 уул, 11 кыздын энеси болот.
Белгилей кетүүчү жагдай, былтыр 21-наристесин жарыкка алып келгенде, мындан ары төрөбөй тургандыгын айткан. Сью Рэдфорд жолдошу Ноэль менен 21 баланы тарбиялап келишет. Алардын эң улуусу Крис 30 жашта болсо, кичүүсү Бонни 11 айлык.