Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда өзүнүн 3 жаштагы кызын зордуктаган жаранга карата козголгон кылмыш иши боюнча соттук отурум өтүүдө. Сот иши жабык эшик артында жүрүп жатат. Эскерте кетсек, ушул жылдын 25-апрелинде Мурас-Ордо жаңы конушунун 29 жаштагы тургуну Үсөн Сакатаев мас абалында өзүнүн 3 жаштагы кызын зордуктап жана анын колун, кабыргаларын сындырып, бетин бычак менен кесип салган. Жабыркаган кыз оор абалда ооруканага жеткирилип аман калган.