Кытай ишкери киши өлтүргүч жалдап, ал башка кишини жалдап, буйрутма бешинчи киллерге чейин уланган. Алардын баары кармалды

Кытай ишкери киши өлтүргүч жалдап, ал башка кишини жалдап, буйрутма бешинчи киллерге чейин уланган. Алардын баары кармалды. Бул тууралуу дүйнөлүк ЖМКлар жазып чыкты.

Маалыматта жазылгандай, 18-октябрда Кытай соту жергиликтүү ишкерди өлтүрүүнү уюштурууга байланыштуу 6 айыпталуучу адамга сурак жүргүзгөн. Кылмыш иши социалдык тармактарда "бүгүнкү күндөгү эң кызыктуу кытай тарыхы" деп тараган.

Иш 2013-жылы эле башталган. Наньин шаарынын айланасында Тан Юхуэй деген кыймылсыз мүлк компаниясынын ээси Вей аттуу атаандашын өлтүртүү үчүн киши өлтүргүч жалдаган. Ага чейин Вей Юхуэйди сотко берген. Си Гуаньгань аттуу киллер буйрутманы өзү алган. Ага Юхуэй 2 миллион юань (19 миллион 740 миң сомго жакын) накталай акчаны берген. Ошондой эле Вейдин телефон номерин, документтеринин көчүрмөсүн жана унаасынын номер белгисин дагы берген. Бирок киллер буйрутманы аткарбастан, чынжырлуу окуянын жүрүшүнө жол берген.

Гуаньгань 2 миллион юандын жарымын өзүнө калтырып, ал эми жарымына башка Мо Тяньсян аттуу киллерди Вейди өлтүрүү үчүн жалдаган. Экинчи киллер дагы буйрутманы аткарып жатып, үчүнчү киши өлтүргүчтү 270 миң юанга жалдаган. Үчүнчү киллер мындай ишти улантып, төртүнчү киллерге 200 миң юань сунуш кылат. Төртүнчү киллер Вейди өлтүрүү үчүн Линь Сянси аттуу киллерге 100 миң юань сунуштаган. Сянси бешинчи киллер болуп чынжырлуу буйрутманы уланткан. Линь 100 миң юанды (986 миң сомдун тегереги) санап, бул адам өлтүрүүгө арзыбайт деген. Ошентип 2014-жылы ал Вей менен байланышып, анын өлүмү тууралуу айтып берген.

Вей полицияга кайрылган. Кийин бул адам өлтүрүүдөгү чынжырлуу буйрутма ээлеринин баары кармалган. Жыйынтыгында Тан Юхуэй 5 жыл, биринчи киллер 3 жарым жыл, экинчи жана үчүнчү киллер 3 жыл 3 ай, төртүнчү киллер 3 жыл, ал эми бешинчиси 2 жыл 7 айга абакка отургузулду деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
oscar
2019-10-21 22:08:18
Кыргызстанга бөлүнгөн гранттай эле болуптур го
+27
Alia82
2019-10-22 09:46:35
oscar,)))
+2
zzz---zzz
2019-10-22 12:46:06
Соттун туура чечими 5киллер айтып берсе да 2 жыл 7 айга эркинен ажырады.
+2
Isikkolumkeremet
2019-10-22 13:44:02
Ит итти жумшап ит куйругун жумшап болуптурда
+2
alive
2019-10-22 17:45:37
Карагылачы кытайдын мыйзамы кандай иштейт, кыргыздар болгондо эч ким олбоптур го деп ишти жаап коймок.
+5
TIMON_BERKOWITZ
2019-10-22 19:49:00
Анекдот го))
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан