Жалал-Абад облусунда унаа сатып алып, жарым акчасын кийин берем деп алдап жүргөн шектүү жарандан жабыркагандар болсо байланышкыла. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Жалал-Абад ОИИБинин маалымат кызматы тарабынан унаа сатып алып, "калган акчасын кийин берем" деп алдамчылык менен алектенген шектүү кармалгандыгы тууралуу маалымат жарыяланган. Андагы маалыматта кылмышка шектүү бир канча адамды ар түрдүү жол менен алдап, акчасын алып жүргөндүгү айтылган. Бул ишке тиешеси бар делинип Ала-Бука районунун 1984-жылы туулган Үсөн аттуу жаран кармалып, Жалал-Абад ОИИБинин криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан тергөө бөлүмүнө киргизилгендиги айтылган.
"Бул жарандан жабыр тарткандар болсо милицияга кайрылуу керектиги белгиленип, маалымат таратылган соң башка облустардын тургундары дагы телефон аркылуу байланышып, акчасын алдатып жиберишкендигин билдиришкен. Шектүүнүн баш коргоо чарасы каралып, ал учурда 2 айга убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Кимде-ким бул шектүү жарандан жабыр тарткан болсо, Жалал-Абад ОИИБинин нөөмөт бөлүмүнө байланышкыла", - деп билдирет басма сөз кызматынан.
Байланыш телефону: 03722-7-05-30, 0553 33 33 04.