Анда кызматкерлер жалган документ менен декреттик төлөм алып турушканы айтылган.
"Жизак облустук тери-венерологиялык диспансеринин экономистине 2 миллион 100 миң сум, Жизактагы мектептердин биринин кароолчусуна 900 миң сум төлөнүп берилген. Мындай иш-аракеттер 2 жарым жылдан бери уланып келе жаткан. Буга жөлөк пулдарды чегерүү кызматынын тиешеси бар экени аныкталган", - деп айтылат маалыматта.
Маалым болгондой, иликтөөнүн алкагында 61 кызматкер дисциплинардык, 141 кызматкер административдик жана эки кызматкер кылмыш жоопкерчилигине тартылган.
Ал эми 1 миллиард 1 миллион сум ыктыярдуу түрдө мамлекеттин казынасына кайтарылган.