Ырчы Бегимай Бекбоева наристе күтүүдө. "Турмушка чыкканымды жакындарым гана билчү" дейт ал

Ырчы Бегимай Бекбоева наристе күтүүдө. Бул тууралуу ал SUPER.KG порталына маалымдады.

Белгилүү болгондой, ырчы ушул жылдын май айында турмушка чыккан.

"Жолдошум Лейлектин кулуну болот, экөөбүз теңбиз. Жазында баш кошуп, тууган-урукка чакан той бергенбиз. Учурда наристе күтүп жатабыз. Кудай буюруп аман-эсен көз жарып алсам, анан чыгармачылыкка киришем. Жолдошум, кайын журтум чыгармачылыгымды колдойт, ырдаганыма каршы эмес", - дейт ырчы.

Ошондой эле буга чейин жеке жашоосундагы жаңылыктарды эмне себептен ачыкка чыгарбагандыгы тууралуу буларга токтолду:

"Жолдошум жеке жашообузду элге жарыялоону каалабайт. Мындан улам турмушка чыкканымды жакындарыма гана айткам. Бирок көптөгөн күйөрмандарым "эмнеге көрүнбөй кеттиңиз?" деп тынчсызданып жатышкандыктан, кыскача маалымат берип коюуну туура көрдүм".

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Alia82
2019-10-22 08:39:57
Бактылуу бол!
+21
botosh
2019-10-22 09:17:05
Аа бали, ордуңду тааптырсың
+13
KaGaH
2019-10-22 09:23:28
Бул Ким алоо
-11
Baktyluu_bolgum_kelet
2019-10-22 11:20:54
Кой, ырдабай эле отур үйдө.Ансыз да ырчы көп.Же ашкан таланттуу деле эмес.Уй-бүлө ыйык, аман-эсен көз жарып алгыла.
+21
Pandora
2019-10-22 13:12:23
Кайын энең сүйүнүп отурабы? )))
+3
KAYRATBEK
2019-10-22 14:24:15
Негизи тундук туштук кылып болунгон кыздар кобунесе Аллахтын буйругу жаман коргон жагына турмушка чыкчуу эле. Сен да кайын журтунду издебей табыпсын азаматсын. Ырчылыкты токтот эми уят. Уй було бул жашоонун эн негизги манызы. Жашоондун манызын бузуп алба.
+6
Tolik777
2019-10-22 14:27:58
Уйдо отуруп, баланды бак. Ырчылыкты эмне кыласын? Толуп кетти ырчы-чоорчу, пайда батасы жок, жон гана тойдун ызы чуусу, жана чыгашасы.
+4
Muratmipa
2019-10-22 14:33:55
Лейлектин кайсы жеринен экен аты ким экен
-5
katerina.li
2019-10-22 14:54:14
Эркектер ,неге мынча ушакчысынар?? Ужас. Бегимай,уй булолук бакыт каалайм. Мен сени как женщина понимаю
0
Almagul69
2019-10-22 22:00:55
Бегимай бактылуу бол.Аман-эсен коз жарып ал.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан