КСДПнын өкүлү Алга Кылычовдун камактагы мөөнөтү узартылды

КСДПнын өкүлү Алга Кылычовдун камактагы мөөнөтү 9-декабрга чейин узартылды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, чечимди Биринчи Май райондук соту чыгарган.

7-августта Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы башталып, эл менен күч түзүмдөрүнүн кызматкерлеринин ортосунда кагылышуу орун алган. 8-августта Атамбаев камакка алынган. 7-8-августта Кой-Ташта болгон окуялар боюнча КСДПнын мүчөлөрү Фарид Ниязов, Алга Кылычов, Амантур Жамгырчиев 8-октябрга чейин камакка алынган.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
filis
2019-10-22 12:38:27
Соке келгенден бери бир жакшылык коргон жокпуз. Эгер Соке киши болсо адамча иштемек. Соке кетмейинче бизде чындык болбойт.
-3
urmat94
2019-10-22 13:34:38
filis, сенин оюнча ак жеринен камалып отурушабы булар?
0
Kairat1996
2019-10-22 13:58:04
urmat94,
Биринчи кезекте Сооронбай Асылбек иниси экоо жоопко тартылсын. Азыркы Сооронбайдан жакшы умут кылып болбойт. Жон эле президент деген атты пайдаланып, ичкенин ичип отурат. Сооронбай кетиш керек. Болбосо онолуу болбойт.
0
urmat94
2019-10-22 14:21:18
Kairat1996, Эмнеге жооп бериш керек кайсы ишине жооп бериш керек? Атамбаевди камаганы учун жооп бериш керекпи? Атамбаевдин мыйзамсыз иштерин ачканы учун жооп бериш керекпи? Факт мн жаз (Атамбаевди да Жээнбековдорду да колдобойм)
-2
elchi84
2019-10-22 12:46:03
Жеген болсо бир чекеден камалып жененин төлөп койсун.
+4
altyn-kumush
2019-10-22 12:56:45
Алга Кылычов өз күнөөсүн мойнуна алып керектүү адамдарга каршы көрсөтмө берди жана укук коргоо органдары менен иштешүүгө даыяр экендигин билдирди. Мындан ары Атамбаевдин бардык куйруктары чекеден бирин-бири сата баштайт.
+2
Absamat-90
2019-10-22 13:29:10
Туура кылат камакта калтырып. Булардын чолок чала сабат оюнан чыккан ойлордун негизинде канча адам жабыр тартты.
+1
tattusha
2019-10-23 09:56:04
Азыр ушундай Атамбаев жаман анын былыктары эми чыгып отурат, эми Жээнбеков кеткенде мунун да толтура былыктары чыгат, азыр кошомат кылгандар сындап кийин башкача суйлоп калышат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан