Кыргыз балбандары жаштар арасында өтө турган Дүйнө чемпиондугуна катышат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирет.
Маалым болгондой, мелдеш 23 жашка чейинки спортчулар арасында өтөт. Турнир Венгриянын Будапешт шаарында 1-3-ноябрь күндөрү болот.
Грек-рим күрөшү боюнча чоңдор арасында Дүйнө биринчилигинин күмүш медаль ээси Жоламан Шаршенбеков барат.
Кыргыз өлкөсүнүн курамы:
Грек-рим күрөшү:
55 килограмм - Сардар Конушбаев
60 килограмм - Жоламан Шаршенбеков
63 килограмм - Элмар Талатбек уулу
67 килограмм - Халмурат Ибрагимов
72 килограмм - Бексултан Назарбаев
77 килограмм - Ринат Ильяз уулу
82 килограмм - Ильгиз Билимов
87 килограмм - Мелис Айтбеков
97 килограмм - Үзүр Жузупбеков
Ага машыктыруучу - Арсен Эралиев
Эркин күрөш боюнча:
55 килограмм - Алмаз Сманбеков
61 килограмм - Улукбек Жолдошбеков
65 килограмм - Эрназар Акматалиев
70 килограмм - Ислам Орозбеков
74 килограмм - Мансур Сыргак уулу
79 килограмм - Атай Изабеков
86 килограмм - Сымбат Сулайманов
92 килограмм - Динислам Таалайбек уулу
125 килограмм - Музафар Жаппуев
Ага машыктыруучу - Ислам Тазабеков
Кыз-келиндер күрөшү:
57 килограмм - Нураида Анаркулова
65 килограмм - Назира Марсбек кызы
76 килограмм - Айпери Медет кызы
Башкы машыктыруучу - Нурбек Изабеков