Арстан Алайдын тарапташтарына коомдук тартипти бузгандыгы үчүн айып салынды

Арстан Алайдын тарапташтарына коомдук тартипти бузгандыгы жана милициянын талаптарына баш ийбегендиги үчүн 3 миң сом айып салынды. Бул тууралуу укук коргоочу Рита Карасартова билдирди.

Арстан Алайдын тарапташтары салынган айыпты мыйзамсыз деп таап, аны жокко чыгаруу үчүн Биринчи Май райондук сотуна кайрылышты.

Буга чейин Арстан Алайдын "Мен Кудаймын" деген сөзү экспертизага жөнөтүлгөнүн Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы Зайырбек Эргешов Жогорку Кеңештин жыйынында билдирген. Ал анын жыйынтыгы менен ага чара көрүлө турганын айткан. Кийинчерээк Бишкек ШИИББи Арстан Алайдын "Кудаймын" деген сөзү үчүн сотко чейинки өндүрүш ишин баштаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
gitaris93
2019-10-22 15:31:57
Аа Камап эле койбоптур даа
+4
Wibee
2019-10-22 15:35:15
Арстан Алай эмес ал Арстан жин.
+4
aerforce
2019-10-22 16:00:26
Мындай адамга күлбөш керек бул оорулуу адам ушул кишини твга чыгарган нехст каналын сотко бериш керек ооруу болбосо мен кудаймвн демек беле
+3
Damirbek-KG
2019-10-22 16:11:14
Ичине жин кирип алган
+1
medet1983
2019-10-22 18:08:44
Кудаймын десе эле кудай болуп кала беле.Бул киши бир жылы зима не будет деп айткан.Андан бери канча зима болду.Чамасы кичине оорукчан киши окшойт.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан