Борбор шаарда тротуарларды оңдоо иштери жүрүүдө

Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов райондук администрациялардын башчыларына тротуарларды оңдоо тапшырмасын берди. “Мурда бул ишке себепсиз эле көңүл бөлүнбөй келген”,- дейт шаар башчысы. Быйыл бюджеттик каражаттар бөлүштүрүлүп калгандыгына байланыштуу, бул багытта аткарылуучу иштердин көлөмү өтө чоң эмес. Учурда тротуарларды оңдоо иштери шаардын Ленин районунда башталды. Москва көчөсү боюнча №13-мектепти бойлой кеткен тротуар оңдолууда. Жалпы узундугу 400 чарчы метрди түзөт. Чүй, Тынчтык проспектилеринде жайгашкан №8-9-мектептердин айланасындагы тротуарлар оңдолуп, 120 чарчы метр жерге брусчатка төшөлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан