Кыргыз кикбоксчулары Дүйнө чемпиондугуна катышат. Бул тууралуу аталган спорт түрүнүн федерациясы билдирет.
Маалым болгондой, мелдеш Сараево (Босния жана Герцеговина) шаарында өтөт. Кыргыз өлкөсүнөн жалпы 8 спортчу катышат.
Кыргыз өлкөсүнүн курамы:
- Алексей Федосеев
- Авазбек Аманбеков
- Аброр Хакимов
- Муса Паншаров
- Уланбек Касымбеков
- Рустам Ибрагимов
- Чыңгыз Бегматов
- Шерзод Кубатов
Башкы машыктыруучу - Тахир Марасулов.