Чехияда алкоголдук ичимдиктерге каршы иш-чара башталды

Чехияда алкоголдук ичимдиктерге каршы иш-чара башталды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Чехия өкмөтү "ичпей коюу – бул нормалдуу эле көрүнүш" деген ураандын алдында иш-чара баштады. Бул иштин максаты, өлкө жашоочуларынын алкоголду пайдаланууну чектөө болуп эсептелинет.

Маалыматта жазылгандай, программаны ишке ашыруу үчүн өкмөт 2 миллион крон (87 миң доллар) бөлгөн. Чехия саламаттыкты сактоо министри Адам Войтехтин айтымына караганда, муну менен өкмөт жарандардын алкоголдук ичимдиктерди көп пайдалануусуна көнүл буруу болуп саналат. "Иш-чара видеосюжет, теледен, кинотеатрдан, көрнөк-жарнактар, ЖМКлар аркылуу ишке ашат. Буга өкмөттөн сырткары, Саламаттыкты сактоо министрлиги, мамлекеттик телеканалдар жана медициналык камсыздандыруу компаниясы катышмакчы", - деди ал.

Чехия Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, күн сайын 600 миң киши алкоголдук ичимдиктерди колдонот. Алардын ичинен жогорку класстагы мектеп окуучулары 20 пайызды түзөрү белгилүү болгон. Ичимдикке байланыштуу чыгашалар 60 миллиард кронду (2,6 миллиард доллар) түзгөн. Орточо эсеп менен Чехиядагы ар бир жашоочуга бир жылдык таза спирт 11,7 литр туура келет деп жазылган маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Altyn10076
2019-10-22 23:10:49
Бизде кандай ичишет болду экен рооссиядан деле ашып кетебиз го.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан