Чилиде коомдук транспорттогу баанын өсүшүнө каршы массалык баш аламандык уланып жатат

Чилиде метрого баанын өсүшүнө каршы массалык баш аламандык уланып жатат. Бул тууралуу дүйнөлүк маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматта жазылгандай, өткөн жумада тактап айтканда, 14-октябрда Сантяго шаарында башталган баш аламандыкка катышкандардын саны өсүүдө. Алар метрого билет баасы орточо 30 песодон (2 сом 88 тыйын) 850 песого (81 сом 60 тыйын) чейин өскөнүнөн улам нааразычылык акциясына чыгышкан. Акциянын жүрүшүнө катышкан 1,4 миң киши кармалган. Алардын ичинен 614ү Сантягодо болгон.

500дөн ашык адамдар жабыр тартып, 62 полиция кызматкери ар түрдү жаракаттарды алышкан. Бул баш аламандыкта 10 адам курман болгон. Мындай баш аламандыкка байланыштуу Чилидеги Сантяго, Консепсьон жана Вальпараисо шаарларында өзгөчө абал киргизилген. Мындай кырдаал киргизилгенине карабастан, талап-тоноо иштери, баш алмандыктар катталып жатат. Президент Себастьян Пиньера коомдук транспорттогу бааны көтөрүү чечиминен баш тартты деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Sakubek
2019-10-22 22:26:39
Ушунча да которосунорбу ач коздор
0
Neizvestno777
2019-10-22 23:36:21
Адашып жазып коюптур 3 сомго эле которгон
0
zzz---zzz
2019-10-23 13:28:50
Эл менен да эсептешиш керек эл деген сел болот бир заматта өз ордуна коюп коёт. Президентмин деп эле оюндагысын жасабай карапайым эл үчүн кызмат кылыш керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан