25-октябрда Жакарта (Индонезия) шаарында ONE Championship уюмунда кыргыз мушкери Кямран Аббасов чемпиондук үчүн беттеш өткөрөт.
Маалым болгондой, Аббасов орто салмак ченинде учурдагы чемпион швециялык Себастьян Кадестам менен күч сынайт.
"Чемпион болуу үчүн бардык күчүмдү жумшайм. Чемпион болгондо башка мушкерлерге олжо сыяктуу болосуң, бардыгы сага аңчылыкка чыгышат. Мындан улам, чемпиондукту сактап калуу үчүн көп машыгууларды жасап баштайсың. Атаандашымдын ким экендигин караган жокмун. Ал мен жөнүндө ойлосун, анткени азыркы учурда мен аңчы, ал - олжо", - деди беттеш алдында кыргыз мушкери.
ONE Championship Азиядагы эң популярдуу уюм болуп эсептелинет.