Япониянын императору Нарухито расмий түрдө такка отурду

Кечээ, 22-октябрда Японияда император Нарухито расмий түрдө такка отурду. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары билдиришти.

"Хризантема" деген аталыштагы такка отурган Нарухито өзүн Япониянын 126-императору деп жарыялады. Ал ант берип жатып, өлкөсүндө бакубат жана бейпил жашоо курууга убада берди.

"Мен такка расмий түрдө отуруп жатып, элдин бакубаттуулугу жана дүйнө жүзүндөгү тынчтык үчүн, Японияга жана анын элине ак кызмат кылууга ант берем", - деди. Ошондой эле Япония өлкөсү эл аралык тынчтык жана достукка салым кошуусун каалай тургандыгын кошумчалады.

Император Япониянын Конституциясына ылайык, мамлекеттин жана улут биримдигинин символу болуп эсептелинет. Ал саясий күрөшкө, өлкөнү башкаруу маселелерине аралашпайт. Императорду такка отургузуу мааракеси Японияда 30 жылдан бери өткөрүлө элек болчу. Иш-чарага 2 миңден ашуун конок келгендиги айтылууда. Алардын ичинде башка мамлекеттердин бийлик өкүлдөрү да бар.

Буга чейин белгилүү болгондой, 2016-жылы Япониянын мурдагы императору Акихито ден соолугунун начарлашына байланыштуу кызматын мындан ары аткара албастыгын билдирген.

Императордун такка отуруу аземине президент Сооронбай Жээнбеков да катышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Batma.Sh
2019-10-23 11:47:20
Шамал менен кошо келиптир да.))
0
bekbolotabdirasulov
2019-10-23 12:25:01
koich ai
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан