Америкалык окумуштуулар лаборатория шартында кадимки эт жасашты

Гарвард университетинин изилдөөчүлөрү лаборатория шартында натуралдуу этти өстүрүп, илимий ачылыш жасашты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Анда жасалма эт даамы гана эмес, түзүлүшү боюнча да натуралдыкка жакындаганы айтылган.

"Илимий долбоорду ишке ашыруу үчүн, окумуштуулар желатинди колдонушту. Аны эттин клеткаларын өстүрүү үчүн негиз кылып алышкан. Соңунда окумуштуулар механикалык тестирлөө жүргүзүшкөн. Ага ылайык, жасалма эттин клеткалык түзүлүшүн, уйдун этине салыштырып көрүшкөн. Келечекте окумуштуулар жаныбарларды сойбостон, жасалма эт жасоо өндүрүшүн өнүктүрүүнү пландоодо", - деп айтылат маалыматта.

Маалым болгондой, доолборду ишке ашырууда окумуштуулар тамак-аш жаатындагы адистерден кеңеш алып турушкан. Андан тышкары, алар медицина кызматкерлерин дагы ишке тартышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Kuba-savai87
2019-10-23 10:26:49
Бул барибир зыян болуш керек
+7
aza84
2019-10-23 10:49:17
Устукан деген болбойбу ошонбо
+6
kechirmeni
2019-10-23 10:56:51
желательно не надо желатина
+4
aerforce
2019-10-23 10:59:18
Өздөрүнө буйрусун
+9
Bermet068
2019-10-23 22:55:42
Кыргызстанга ушул керек.Эмне деген жылкылар союлуп ысырап бп атат бизде.
-2
Tynar1213
2019-10-24 03:38:13
Желатин чочкодон жасалат желатин кошулган тамак арам болот
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан