Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Новопокровка айылындагы стационардык постто уурдалган унаа кармалды. Бул тууралуу облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын тургуну Хонда Фит үлгүсүндөгү унаасын 20-октябрда уурдатып жибергени боюнча Свердлов РИИБине арыз менен кайрылган. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Чүй жана Бишкек шаарындагы бардык постторго унаа тууралуу маалыматтар берилген.
"22-октябрда Новопокровка айылындагы постто Хонда Фит унаасы токтотулуп, текшерүүгө алынганда ал уурдалган унаа экени аныкталган. Унаа жана анын айдоочусу Свердлов РИИБинин кызматкерлерине өткөрүлүп берилди", - деп билдирет басма сөз кызматынан.