12-августта саат 15:40 чамасында Ысык-Көл облусунун Ак-Терек айыл аймагында катуу жааган жамгырдын кесепетинен сел жүрдү. Натыйжада Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол унаа жолунун 61-64-чакырымындагы жолдун эки тарабын суу жеп, 61-чакырымдагы көпүрөнү сел каптаган. Ошондой эле “Туздуу-Көл” эс алуучу жайына баруучу унаа жолдо 15 унаа аталган аймакка жете албай ылайга тыгылып калган. Унаа жолду тазалоо үчүн 1 грейдер жана 1 жүк жүктөгүч техника тартылып, саат 18:00дө жол толугу менен тазаланып, жол ачылган жана унаалар Тоң РИИБи тарабынан чыгарылган.