"Бакай Банктын" ячейкаларында акчаларды, баалуу буюмдарды сактоо коопсуз жана ишенимдүү

Банк сейфи – бул коопсуздук

Сейф ячейкасы – банк кардарга баалуу буюмдарды сактоо үчүн ижарага берген банктык сейф. Анда акчаны, документтерди, баалуу кагаздарды жана зер буюмдарды сактаса болот. Сейфтер "Бакай Банктын" атайын жабдууланган жайында жайгашкан. Ал жерде видеокамералар орнотулган жана күнү-түнү күзөт кызматы иштейт.

Маалыматтардын купуялыгы кепилденген

Ячейкада эмнелерди сактай турганын кардар өзү чечет. “Бакай Банк” алардын сакталышын жана кол тийбестигин камсыздайт. Бирок ячейкаларда тирүү организмдерди, күйүүчү жана жарылуучу заттарды, куралды, баңгизаттарды сактоого болбойт. Эгер бул талап аткарылбаса, кардар келтирген зыянды төлөп бериши керек.

Коопсуздук

Ижара келишиминин иштөө мөөнөтүнүн ичинде Банктын кызматкерлери ячейканы кардар жок учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамына, ижара келишимине жана эрежелерге ылайык ача алат. Банк ячейканы мыйзамга ылайык кардарсыз ачканда анын ичиндегилердин сакталышына жооптуу эмес.

Сактоонун ыңгайлуу мөөнөттөрү

Сиз ячейканы бир айдан бир жылга чейин ижарага алсаңыз болот. Эгер мөөнөттү узартууну кааласаңыз, келишимди узартууга болот. Эгер сиз иш сапарга же эс алууга жөнөп жатсаңыз же кымбат баалуу буюмду саткандан кийин ири суммадагы акчаны сакташ керек болсо, ячейканы кыска мөөнөткө ижарага алуу ыңгайлуу. Мындан тышкары, эгер ячейканы узак мөөнөткө (6 айдан көп) ижарага алсаңыз, Банк тарабынан жеңилдиктер берилет.

Баалары

Ижаранын жалпы шарттары:

  • Кепилденген төлөм - 4 000 сом (ижаранын мөөнөтү ийгиликтүү аяктаган соң кардарга кайтарылат)
  • Ачкычты жоготуу үчүн айып пул - 4 000 сом (эгер ачкыч жоголсо, чыгаша кепилденген төлөмдөн алынат)
  • Ижаранын мөөнөтү: 1 айдан 12 айга чейин. Кийин бир айдан санала турган ыңгайлуу мөөнөткө кайра узартса болот.

“Бакай Банктын” башкы кеңсеси: Бишкек шаары, Исанов көчөсү, 77. Телефон: 0312 61 00 61, уюлдук телефон: 6111. WhatsApp: 0554006111.

Социалдык тармактар: facebook Instagram Twitter

Сайт: www.bakaibank.kg

"Бакай Банк" ААКсы 20 жылдан бери Кыргыз мамлекетинин жашоочуларына финансылык кызматтын кеңири түрүн көрсөтүп келе жатат. Азыркы учурда өлкөнүн бардык аймактарында Банктын 76 филиалы жана сактык кассалары бардык кардарларга бат жана ыңгайлуу тейлөөлөрдү жүргүзүп келет.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан