Бүгүн, 23-октябрда Конституциялык палатада Алмазбек Атамбаевдин экс-президент деген макамдан ажыратылышы боюнча кайрылуу каралып жатат. 27-июнда Жогорку Кеңеш Атамбаевдин кол тийбестик укугунан ажыратуу чечимин кабыл алган болчу. Андан кийин КСДПнын мүчөлөрү буга нааразы болуп, Конституциялык палатага кайрылуу жолдошкон.
Бүгүнкү соттук отурум ачык өтүп, ага журналисттер жана КСДПнын мүчөлөрү киргизилди. Адегенде соттук коллегиянын мүчөлөрү жана арыз ээлери тааныштырылды. Арыз жазган тараптан КСДПнын юристи Нурбек Касымбеков, Жогорку Кеңештин депутаттары Асел Кодуранова, Ирина Карамушкина, Мурадыл Мадеминов жана башкалар катышышты. Адегенде жактоочу Нурбек Токтакунов сөз сүйлөп, соттук коллегиянын төрагасы болуп жаткан Карыбек Дүйшеевди алмаштыруу өтүнүчүн келтирди. Ал Конституциялык палатанын жетекчиси. Атамбаевдин кызыкчылыгын коргогон адвокат Токтакунов Дүйшеев бир кезде Сооронбай Жээнбековдун иниси Асылбек Жээнбековго кеңешчи болуп иштеген деген жүйөнү келтирди. Соттук коллегиянын төрагасы муну тастыктап, Жээнбеков спикер болуп турганда бир жыл кеңешчи болуп иштегенин, бирок азыр эч кандай байланыштары жок экенин айтты. Бул боюнча кеңешмеге кирген соттор жактоочунун өтүнүчүн канааттандырган жок.
Андан кийин соттук отурумга катышып жаткандардын бири, Жогорку Кеңештин аппаратынын юридикалык бөлүмүнүн башчысы Чыңгызбек Бердимуратов соттук коллегиядан судья Эркинбек Мамыровду чыгаруу өтүнүчүн келтирди. Буга ал Мамыров Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу тууралуу кайсы бир чечим чыга электе жалпыга маалымдоо каражаттарына жеке пикирин билдирген деген себепти айтты. Бул өтүнүчтү уккандан кийин соттук коллегия кайра кеңешме залына кирди. Бул ирет алар Эркинбек Мамыровду коллегиядан чыгаруу чечимин кабыл алышканын айтышты.