Англиянын Эссекс аймагында ичинде 39 адамдын сөөгү бар жүк ташуучу унаа табылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
"Грейс шаарчасында токтоп турган унаанын ичинен 39 адамдын жансыз денеси табылган. Полиция тарабынан унаанын айдоочусу 25 жаштагы ирландиялык жаран кармалды. Ал киши өлтүрүүгө шектелүүдө. Жүк ташуучу унаадан 38 чоң кишинин жана бир өспүрүм баланын сөөгү табылган. Унаа бир канча күн мурун Болгариядан Англияга келгени маалым болду. Полиция бул окуя боюнча 39 адамдын аты-жөнүн жана өлүм себептерин аныктоо үчүн териштирүү иши башталганын билдирди", - деп айтылат маалыматта.