"Мадина" базарынын директору: "Хуфур Абдурахеман "Мадина" кафесинин ээси эмес, ал башкы ашпозчу болуп бир жарым жыл мурун иштеп кеткен"

Киши колдуу каза болгон ишкер Хуфур Абдурахеман "Мадина" кафесинде мындан бир жарым жыл мурун башкы ашпозчу болуп иштеп кеткен. Бул тууралуу "Мадина" жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору Эрик Умарбаев SUPER.KG порталына айтып берди.

Башкы директордун айтымында, маркум "Мадина" кафесинин ээси эмес.

"Хуфур Абдурахеман Кытай Республикасынын Атуш шаарында төрөлгөн. Кытай Республикасынын жараны. Ал "Мадина" базарында иштегенине 6 жылдай болуп калган. "Мадина" кафесинде башкы ашпозчу болуп иштеген. Ал эч кандай кафенин ээси эмес. Ал жакты башка Кыргыз жараны иштетет. Ал ашпозчулук жумуштан кетип, базардын ичинде контейнер ижарага алып, жакындары менен кездеме сатып иштеп жүргөн. Анын азыр айтылып жаткандай деле чоң бизнеси жок. Ал 200-300 миң доллардын тегерегинде товарды айландырчу. Ал абдан жакшы адам эле. 4-октябрь күнү жумуштан кечинде чыгып кеткени камераларда бар. Андан кийин анын телефону өчүп, издей баштаганбыз. Свердлов РИИБи издөө иштеринде акыркы жолу ал айдаган унаанын сигналы Дордой базары тарапты көрсөткөнүн айтышкан.

Биз канча жылдан бери Кытай жарандары менен иштешип келебиз, бирок мындай окуя биринчи жолу болду. Эми баарын тергөө иши аныктайт. Маркумдун эки баласы бар", - деди Умарбаев.

Милиция кызматкерлери ишкер Хуфур Абдурахемандын өлүмүнө карата шектүү деп 8 жаранды кармаган. Алардын арасында мурдагы милиция кызматкерлери жана уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган жаран да бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Kyrgyz-jigit.com
2019-10-23 18:40:11
200-300 мин доллар анчалык деле жон эмесби? ммм...
+21
XAN-TORO
2019-10-23 18:57:07
Мен чекке 400мин акча чогулта албай журсом талаалап, булардын суйлогону шумдук го анча деле бай эмес 200 300мин долларлык иши бар деп
+18
Gsuita
2019-10-23 19:14:40
200-300 миң сом деле мен үчүн өтө чоң акча. Булар үчүн акча эмес деле экен да.....
+11
urmat94
2019-10-23 19:34:51
Значит кафени сразу бироо откоруп алды окшойт анда канча кундон бериле кафенин ээси деп келип бугун эле аныкы болбой калабы ал ээси болгон эмес болсо Ким айтты анда кафенин ээси деп? Дагы бир бандит ээлеп алдыго дейм олору мн
+15
urmat94
2019-10-23 19:37:34
urmat94,(бул менин жеке оюм)
+2
farida.kg.1991
2019-10-23 21:21:40
Кандай тушунсок болот?
+5
Kuba-savai87
2019-10-23 23:06:44
200-300мин доллар мындай эле болуп калыптыр да аа. Суйлогон кишинин значит миллион доллар обороту бар да
+13
KaGaH
2019-10-23 23:09:46
Анча деле бизнеси жок 200/300 миң доллар эле товар айлантат,шумдук го ыя
+9
Erik2018
2019-10-24 10:31:36
Кытай уйгурду коргоп мынчалык кыйкырдынар тим койгула
-2
Altyn10076
2019-10-24 12:50:51
Аялы кыргыз болуп чыгат сураштырып келсеңер
+1
Nurgazy80
2019-10-24 19:18:01
Черныйлар кысымга алып жатат го бир болсо
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан