Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Дүйшөнбек Зилалиевдин иши боюнча соттук отурум жылдырылды. Бул тууралуу райондук соттун басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ал "мыйзамсыз баюу" деген берене менен айыпталып жатат. "Бүгүнкү соттук отурумда тизме боюнча 3 күбө суралды. Башка күбөлөрдүн келбегендигине байланыштуу соттук отурум 30-октябрь саат 14:00гө жылдырылды", - деп жазылат маалыматта.