ИИМ депутаттын "өлкөдө криминал баш көтөрдү" деген сөзүнө жооп кайтарды

Ички иштер министрлиги депутат Жанар Акаевдин "өлкөдө криминал баш көтөрдү" деген сөзүнө жооп кайтарды. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Бир катар маалыматтык агенттиктер бүгүн ички иштер министрлигинин дарегине терс сын-пикирлерди айтып, криминал башын көтөрүп жаткандыгы, ал эми өкмөт алсыз экендигин көрсөтүп жаткандыгын жазып чыгышты. Анда Кыргыз мамлекетинде криминал баш көтөрүп, ишкерлер болсо өлкөдөн чыгып кетип жатышат деген маалымат жазылган. Ошондой эле криминал менен күрөшүүдө саясий эрктин жоктугу белгиленген", - деди ИИМ.

Ички иштер министрлиги маалымдайт, Кыргыз мамлекетинде криминал бат өскөнү боюнча билдирүүнүн өзүндө эч кандай негиздер жок жана чындыкка дал келбейт. Криминалдын башын көтөрүүгө мүмкүнчүлүгү жок, анткени ИИМ мыйзамдын үстөмдүгүн коргоп, адамдын укугу менен эркиндигин коргоп келүүдө.

"Бирок мурдагы жылдарда криминал өздөрүн ээн-эркин сезип, башын көтөргөн убактар болгону менен, азыркы убакта өлкөдө сөз эркиндиги бар, криминалдык курамдар менен аёосуз күрөш тынымсыз жүрүүдө.
"Мадина" кафесинин ээсинин өлүмү боюнча билдиребиз, аталган кылмыш ишин ачууга ИИМдин, Бишкек ШИИББинин Криминалдык милиция кызматынын тажрыйбалуу кызматкерлери тартылган. Кылмыш белгилерин дыкаттык менен жашырууга аракет кылгандары менен ички иштер органдарынын кызматкерлери кылмышкерлердин изине түшүп, өзгөчө оор кылмышты жасоого шектелгендердин баарын кармашты. Аталган коомдук кызуу талкуу жараткан кылмыш иштин ачылышы тарыхта кала берет. Тилекке каршы, "Мадина" кафесинин ээсинин өлүмүн алдын алууга үлгүрбөй калдык. Дайынсыз жоголгон ишкерди тактоо максатында көптөгөн иштер жүргүзүлдү. Ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө мүлккө ээ болуу, опузалап талап кылуу, карактоо, адам өлтүрүү максатында адамды уурдоого шектелген бүтүндөй кылмыштуу топ кармалды", - деп жазылат маалыматта.

Ал эми "Осьминог" кафесинин өрттөлүшү боюнча болсо, ички иштер органдарынын кызматкерлери шектүүлөрдү кармап, алар кылмыш жоопкерчилигине тартылганын кабарлашты.

"Ички иштер органдарынын кызматкерлери кылмыштуулук менен күрөшүүдө ар дайым алдыда турат. Кээ бирөөлөрдүн Кыргыз мамлекетинде криминал башын көтөрүп жаткандыгы жөнүндө билдирүүлөрү негизсиз экендигин белгилейбиз. Ички иштер министрлиги ар дайым укуктук тартипти бекемдөө жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча өз милдеттерин так аткарып келүүдө. Министрликтин эң маанилүү багыттарыны бири катары жарандардын жеке коопсуздугун, укугун, эркиндигин жана мыйзамдуу кызыкчылыгын камсыздоо эсептелинет", - деп билдирди ИИМ.

“Криминал баш көтөрдү". Акаев менен бийликтин айтышы
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
souza.j
2019-10-23 20:31:39
Кыскарткыла
0
souza.j
2019-10-23 20:32:04
Ордокторду учурбай
+6
urmat94
2019-10-23 20:53:53
Кафенин ээси эмес экенго так маалымат бербейсинерби
+1
elchi84
2019-10-23 21:32:12
Тарыхта калабыз дейби?
+2
Tolkun555
2019-10-23 21:58:57
Айткан созунорго озунор ишенесинерби?
+5
shejol
2019-10-23 22:01:22
ИИМ башка өлкөлөдөн келгендей эле сүйлөптүр го.Элдин баары эле көрүп,угуп эле жүрбөйбү канча базар скалаттар күйөгөнүн.Ич ара тирешип,элге ок чыгарып(жол бербеди деп).Кыргызстанда;мен кыйнынмын деп атышып аралашып кеткен го ОПГ га.Грузия..й реформа керек бизге да.Союздун системасы эскирди.
+6
ruslan_92kg
2019-10-23 23:21:35
Кытай ишкерин тоноп кеткеничи, дагы бири эки баланы сабап өлтүргөнүчү женго беле
0
Dembele84
2019-10-24 08:18:26
Баары жакшы,аеосуз курошуп жатабыз деген менен эл коруп турат.
+3
altyn-kumush
2019-10-24 13:16:46
Жанар Акаев өзүнүн принциптерине байланыштуу эмес элдин реакциясы боюнча билдирүү жасайт. Ал үчүн мындай маселени козгоп айтуу менен маселе чечилип калбашын билет. Криминалга каршы күрөшүү боюнча конкреттүү кадамдарды таштабаса сүйлөп кала берет. Же өзү да келип ИИМ менен иштешсе окуянын кандай экенин жакшы билип алмак.
-2
Komrad
2019-10-24 15:34:26
ИИМ ден бир киши чыгып, суйлоп жооп бербейби. Сочинять этпей..
0
medet1983
2019-10-24 19:55:19
Менттер менен Бандиттер бир да.Бири бирине баш которбойт.Туура эле айтыптыр иттер.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан