Бишкекте чогуу бизнес кылууну убадалап, акчаны алган соң из жашырган келин кармалды

Чогуу ишкерлик кылууну убадалап, акчаны алган соң алдап кеткен деген шек менен 31 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 31-майда шаар тургуну Октябрь РИИБине арыз менен кайрылган. Анда 2018-жылдын март айында тааныш аял чогуу бизнес кылууну убадалап, 250 миң сом акчаны алып, андан соң качып кеткен.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

"Иликтөө иштеринде шектүү катары 31 жаштагы У.Д. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Октябрь районук соту анын баш коргоо чарасын карап, үй камагына чыгарган. Учурда тергөө иштери жүрүүдө", - деп билдирет басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
rysik79
2019-10-24 08:11:10
Апиристер кобойду.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан