Бүгүн, 13-августта президент Алмазбек Атамбаев өлкөнүн каржы министри Ольга Лаврованы кабыл алды. Жолугушуунун жүрүшүндө үстүбүздөгү жылдын республикалык бюджетинин аткарылыш маселелери, ошондой эле каржы документинин 2014-жылга карата долбоору талкууланды. Мамлекет башчы 2013-2017-жылдары Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын максаттарына, атап айтканда, экономиканы туруктуу өнүктүрүүгө, теңдештирилген бюджетке жана инфляцияны алдын ала айтууга жетишүү зарылдыгын белгиледи.