UFC мушкери Конор Макгрегор Хабиб Нурмагомедов менен Тони Фергюсон беттешсе кимиси жеңет деген суроого жооп берди.
"Чындыгында, экөөнүн бирөөсүн тандоо оор. Бирок Хабиб Фергюсонду жеңет деп ойлойм. Тони мыкты мушкер, жыгылса да урат, кайра кулайт, кайра турат. Хабиб баары бир жеңип алат", - деди ирландиялык мушкер.
"Хабибдин күрөшүн мактап эле, анын соккуларын анчалык баалабай коюшат. Мен ошол беттеште 3-раундду уткам, бирок кеч болуп калган. Хабибди жеңүү үчүн мен дагы машыгууларды күчөтүшүм керек. Беттешти бир канча жолу көрүп чыгып, андан жыйынтык чыгардым", - деди Конор Макгрегор.