Азербайжандагы үй-бүлө үч жылдан бери жыландар менен алышып жашап келүүдө (видео)

Азербайжан өлкөсүнүн Габалинск районунун Хамзали кыштагында жашаган үй-бүлө үч жылдан бери жыландар менен алышып жашап келе жатат. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

"Акыркы үч жылдан бери биздин үй-бүлө жыландар менен алышып жашап келе жатат. Үйдөн күндүр-түндүр жыландарды көрөбүз. Элдик ыкмаларды колдонгондо деле жыйынтык чыккан жок. Үйдө жашоо мүмкүн болбой калды", - деп билдирет үйдүн жашоочусу Нуржан Жахангирова.

Жахангировдордун үй-бүлөсү атайын адистерди чакыртып да жыландарды үйдөн кетире албай коюшкан. Учурда үй-бүлө үйдүн дубалын бузуп, жаңы салууну пландашкан. Бирок каражаттын тартыштыгынан улам үй салууга мүмкүнчүлүктөрү жетпей, эшикте калышкан.

Азербайжанда бир үй-бүлө үч жылдан бери жыландар менен жашайт
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
rysik79
2019-10-24 13:51:41
Кудайга тоооообоооо...
+3
Benazir08
2019-10-24 19:33:22
Алтын чыгат ошол жерден
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан