Бишкекте 83 жаштагы апаны почтадан чыккандан кийин тоноп кеткен деп шектелип, 26 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 24-сентябрь күнү Бишкек шаардык Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жамбаш сөөгү сынган апа келип түшкөнү боюнча маалымат милицияга кабарланган. Ооруканага барган кызматкерлер ал 1936-жылы туулган Ж.Б. аттуу жаран экенин аныкташкан. Аны 23-октябрда саат 15:30 чамасында 4-кичи райондо жайгашкан почтадан чыгып келе жатканда белгисиз жаран сумкасын чулуп качып кеткен.
"Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, шектүүнү издөө иштери улантылып, шектүү катары 26 жаштагы жаран кармалган. Анын үйүнө тинтүү жүргүзүлүп, анда ТТ үлгүсүндөгү тапанча табылган. Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери башталып, шектүүнүн башка ушул сыяктуу кылмыштарга тиешеси бар же жогу аныкталууда", - деп билдирет басма сөз кызматынан.