Бишкек шаарында УКМК тарабынан издөөдө жүргөн эл аралык террордук уюмдун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Эл аралык террордук уюмдун мүчөсү деп саналган Жалал-Абад облусунун 1980-жылы туулган М.А. аттуу жаранга террордук акт уюштуруу боюнча кылмыш иши козголуп, 2011-жылдан бери издөөдө болгон. Шектүү Кыргыз өлкөсүнүн аймагында террордук акт жүргүзүүнү пландаган уюмдун мүчөсүнө кирген. 2011-жылдын октябрь айында УКМКнын кызматкерлери тарабынан Ош облусунда атайын жүргүзүлгөн операциянын алкагында топтун мүчөлөрү кармалганда М.А. качып кеткен.
Шектүү ушул жылдын 18-октябрында кармалып, 19-октябрда Ош шаардык сотунун чечими менен 2 айга камакка алынды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат", - деп айтылат маалыматта.