Кыргыз кикбоксчулары Сараево (Босния жана Герцеговина) шаарында өтүп жаткан Дүйнө чемпиондугуна катышууда. Бул мелдешке Кыргыз өлкөсүнөн 8 спортчу катышууда.
Бүгүн, 24-октябрда Алексей Федосеев лоу-кик бөлүгүндө рингге чыкты. Кезинде дүйнө чемпиону аталган Федосеев жарым финалга чыгуу үчүн беттеште Беларусь өлкөсүнүн спортчусуна жеңилип калды. Жыйынтыгында мелдештеги жүрүшүн токтотту.
Федосеев 9-ноябрда эрежесиз эр урушта дагы күчүн сынайт.